Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Атамбаевдин жансакчысынын тарапташтары нааразылык акциясына чыгышты


Алмазбек Атамбаев жана Канат Сагымбаев.
Алмазбек Атамбаев жана Канат Сагымбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин тарапкерлери бүгүн, 19-октябрда Бишкектеги Максим Горький паркына нааразылык акциясына чыгышты.

Алар бийликтен Сагымбаевдин ишин калыс териштирүүнү талап кылышты. Акцияда Сагымбаевдин жубайы Мээрим Бердибекова жолдошу камалгандан бери бир да жолу жолуга электигин айтып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

- Президенттен акыйкат чечим чыгарып беришин дагы бир жолу суранам. Жок дегенде төрт баланын убалынан коркуп, калыс чечим чыгарышса, - деди Бердибекова.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев быйыл 8-агустта Кой-Таштагы үйүнөн атайын операция учурунда кармалган. Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери катары анын жанында жүргөн. Ал 24-сентябрда кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 9-декабрга чейин камакка алынган.

Сагымбаевге «Массалык башаламандык уюштуруу», «Топ адамдар менен киши өлтүрүү», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» деген төрт берене менен айып коюлуп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG