Кыргызстанда 2020-жылы шайлоолорду өткөрүүгө республикалык бюджеттен 1 млрд. 214 млн. сом каралды.
Бирок ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2020-жылдын декабрында аяктай турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын апрелине жылдырылат.
Буга байланыштуу 2020-жылы шайлоого кетчү чыгымдар 386,1 млн. сомго азайтылып, 828,2 млн. сомду түздү.
Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, каражат негизинен биометрикалык жабдуу менен иштеген операторлордун маянасына, биометрикалык жабдууну алмаштырууга жана жаңысын сатып алууга жумшалат.
Эң көп каражат 2020-жылдын 4-октябрында өтчү парламенттик шайлоого кетет. Ага ылайык, шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө 560 миллион сом талап кылынат.
Борбордук шайлоо комиссиянын буга чейин берген маалыматы боюнча 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. (BTo)