Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Баткенде чек аралаш аймактарда жашагандар медиасабаттуулук боюнча окуудан өтүштү


«Медиа жана маалымат сабаттуулугуна үйрөтүү» боюнча окуу.
«Медиа жана маалымат сабаттуулугуна үйрөтүү» боюнча окуу.

Баткендин Тажикстан менен чек ара аймактарындагы 16 айылдан 20дай мугалим жана активисттер “Медиа жана маалымат сабаттуулугуна үйрөтүү” боюнча үч күндүк окуудан өтүштү.

Катышуучулар чыр чыккан кезде так жана туура маалыматтар менен бөлүшүүнү үйрөнүштү. Чагымчыл маалыматтарды чындык менен айырмалай алган жөндөмдү үйрөнгөн чек аралаш аймактын активисттери чыр-чатактардын күчөшүнө жол бербөөнү айылдагы жаштарга да үйрөтүп баштады.

Жогорудагы окуудан өткөн тренерлер бир жума бою Лейлек жана Баткен районунун Тажикстан менен чек арадагы чыр көп катталган айылдарда 300дөн ашык жаштарга “Медиа жана маалымат сабаттуулук” темасында тренингдерди өткөрүштү.

Жаштар маалымат таркатууда критикалык ой жүгүртүү, зыян келтирбөө принциптери, маалымат таратуудагы этика, медиа жана социалдык тармактар, фактчекинг боюнча маалымат алышты.

Иш-чара БУУнун өнүктүрүү программасынын “Туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө жетүү үчүн чек аралык кызматташтык” долбоорунун алкагында “Чек ара жаштарынын тармагы” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG