Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги билдирди. Маалыматка караганда, Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин элчиликке жиберген катында кыргызстандык Нурадил Эшимбековдун паспорту жасалма эмес экени аныкталганы, бул иш боюнча тергөө жүргүзгөн Анадолу прокуратурасы тарабынан паспорт ээсине кайтарылары жазылган.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда бир айдан бери паспортсуз жүргөн кыргызстандык Нурадил Эшимбековдун иши боюнча Түркиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн.
Нурадил Эшимбеков 9-сентябрда, Москвадан Дубайга Стамбул аркылуу өтүп баратканда кармалган. Кыргызстандык жигит бир канча саат сурак берген соң, түрк полициясы ага «жасалма паспорт менен жүрөсүң» деген шек менен тергөө иштерин баштаган. Ага соттук жараян бүткөнгө чейин Түркиядан чыкканга тыюу салынган. (ElB)