"Кыргызгидромет" борбору кабарлагандай, 20-октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 16…21;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;
Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 13…18;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкекте 20-октябрда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 20…22 градус болот.