Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:56

Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызтесттен» өттү


Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде өздөштүрүп, аны кемчиликсиз билиши керектигин айтты.

Ал бул тууралуу «Кыргызтест» системасы аркылуу мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өткөн учурда билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, өкмөт башчы С1 жогорку деңгээли боюнча тест тапшырып, тестирлөөнүн бардык негизги критерийлери боюнча эң жогорку балл алды.

Жыйынтыгында Абылгазиевге мамлекеттик тилди С1 – жогорку деңгээлде билерин тастыктаган сертификат тапшырылды.

- Кимдир бирөөнү тилди үйрөнүүгө мажбурлоого болбойт, андай болбош керек. Аны өздөштүрүү үчүн жарандарга түрткү берип, оңтойлуу шарт түзүү керек, - деди Абылгазиев.

Ал тилдин мындан ары өнүгүүсү биринчи кезекте мамлекеттик башкарууда, мыйзам менен иш жүзүндө жана бизнесте колдонулушуна байланыштуу экенин кошумчалады.

Кыргызстандыктардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча «Кыргызтест» системасы 2013-жылы ишке кирген. «Кыргызтест» лексика-грамматика, угуп түшүнүү, окуп түшүнүү, жазуу субтесттеринен турат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG