Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Түркия менен күрддөр ок атпоо макулдашуусу боюнча бири-бирин айыптады


 Майкл Пенс менен Режеп Тайып Эрдоган.
Майкл Пенс менен Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия менен күрд аскерлери Сириянын түндүк-чыгышында атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу бузулганын айтып, бири-бирин айыптап жатат.

Түркиянын Коргоо министрлиги алар «террорист» деп эсептеген күрддөрдүн куралдуу кошуундары 36 саат ичинде 14 жолу чабуул жасаганын жарыялады. Алардын басымдуу бөлүгү Сириянын түндүк-чыгышындагы Рас-аль-Айн шаарынын Түркия менен чектеш аймагында болгон. Түрк аскерлери өздөрү атышууну токтотуу боюнча макулдашууну сактап жатканын кабарлады.

Ошол эле учурда күрддөр макулдашууну Түркия өзү бузуп жатканын айтууда.

18-октябрда АКШ менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү түрк армиясынын операциясын убактылуу токтотууну макулдашкан. Ага ылайык, Түркиянын чабуулу убактылуу 120 саатка токтотулган. Бул убакытта күрддөрдүн куралдуу кошуундары аскердик операция болуп жаткан аймактан чыгып кетүүн тийиш. Белгиленген убакыттан кийин Анкара өз операциясын аягына чыгарат.

Түркия жана ал колдогон сириялык козголоңчу топтор президент Дональд Трамп америкалык аскерлер чек аралаш аймактан чыгарылып кеткенин жарыялары менен Сириянын түндүгүндөгү чабуулун баштаган.

Күрддөр «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөштө АКШнын өнөктөшү болгон. Бирок Анкара аларды террорчулар деп эсептейт. Вашингтондо демократтар Трамптын аймактан америкалык аскерлерди чыгарып кеткени боюнча чечимин сынга алышып, атышуунун токтогонуна карабай Түркияга каршы санкция киргизерин билдиришти. (BTo)

XS
SM
MD
LG