Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Красноярсктагы кырсыкка байланыштуу Жээнбеков Путинге көңүл айтты


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Орусиянын Красноярск крайында дамба жырылып, адам курмандыктарына алып келген кырсыкка байланыштуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков орус президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

Президенттин сайтына жарыяланган маалыматта «Красноярск крайында дамбанын жарылышынан улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым» деп айтылат.

Кырсык 19-октябрда болгон. «Интерфакс» куткаруучуларга таянып, кырсыктан 15 киши каза болгонун жарыялады. Башында 13 адам дайынсыз болуп жатканы кабарланган. 19-октябрда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алты киши дайынсыз экенин, жетөө тирүү табылганын билдирди.

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары жумушчалар жашаган жатаканаларда 80дей адам болушу мүмкүн экенин жазышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG