Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Аскаров: Кыргызстан Кытай менен мамилени өнүктүрүүгө маани берет


Замирбек Аскаров жана Шэн Юэюэ.
Замирбек Аскаров жана Шэн Юэюэ.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргызстан Кытай менен эки тараптуу мамилелерди туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдирди. Ал бул тууралуу 19-октябрда Кытайдын 13-чакырылыштагы Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү кеңешинин туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шэн Юэюэ менен жолугушууда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Шэн Юэюэ Кытай тарап «Бир алкак - бир жол» долбоорун биргеликте жүзөгө ашырууга Кыргызстан мындан ары да жардам берет деген үмүтүн билдирген.

Кытай Кыргызстан үчүн эң чоң кредитор, ири инвестиция салган өлкө. Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы 1 миллиард 700 миллион долларды түзөт.

Кыргыз өкмөтүнүн жыл башында берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда кытайлык инвесторлордун 397 ишканасы, 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы 3,8 млрд. сомго жеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG