Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:11

Британ парламенти Брекзит боюнча добуш берүүнү жылдырды


Британ премьер-министри Борис Жонсон. 19-октябрь, 2019-жыл.

Британ парламенти өлкөнүн Европа Биримдигинен чыгуусу боюнча бардык мыйзамдар кабыл алынмайынча, Брекзит келишимин канааттандыруунун мөөнөтүн жылдыруу тууралуу чечимге келди.

19-октябрда чечимге 322 депутат «макул», 306 депутат «каршы» добуш берди. «Би-би-си» мындай жыйынтыктан кийин Британ премьер-министри Борис Жонсон Брюсселге эки кат жолдогонун жазды. Анын биринде Борис Жонсон Брекзитти кийинкике жылдырууну сурап, бирок ал катка кол койгон эмес. Экинчи катында Брекзиттин мөөнөтүн жылдыруу ката болорун жазып, кол койгон.

Европа Кеңешинин жетекчиси Дональд Туск Брекзитти жылдыруу тууралуу өтүнүч кат алганын ырастады.

17-октябрда Жонсон Британия менен Евробиримдик Брекзит боюнча жаңы келишимге жетишкенин жарыялаган. Эгер бул документти эки тараптын парламенттери жактырса, Британия 31-октябрда шаркеттеги мүчөлүгүн токтотмок.

Британияда 2016-жылы Брекзит боюнча референдум өткөн жана анда өлкөнүн Европа Биримдигинен чыгаруу тууралуу сунуш колдоо тапкан. Андагы планга ылайык, Лондон шаркеттен быйыл март айында чыгышы керек эле. Буга чейинки өкмөт башчы Тереза Мэй Брюссел менен түзүлгөн келишимдин долбоору менен үч жолу парламентке келген, бирок аны депутаттар колдобой койгон. Ошондон улам Мэй кызматтан кетип, шаркеттен чыгуу мөөнөтү 31-октябрга калган.

Ишембиде Британ парламенти Брекзит келишимин карап жаткан учурда Лондондо нааразылык акциясы өтүп, анда Брекзит боюнча кайрадан референдум өткөрүү талабы айтылды. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG