Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

Тогуз айда Салык кызматынын 37 кызматкери жазаланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын 9 айында (январь-сентябрь) жарандардын кайрылуулары боюнча Мамлекеттик салык кызматы мекеменин 37 кызматкерин жазалады. Анын ичинен төрт кызматкер жумуштан бошотулса, сегизине катуу сөгүш, 11 кызматкерге сөгүш, дагы сегиз кызматкерге эскертүү жарыяланып, алты адамга катуу эскертүү берилди.

Бул убакыт аралыгында жалпы жонунан Салык кызматына салык төлөөчүлөрдөн 130 кайрылуу жана даттануу түшкөн.

Алардын ичинен жазуу жүзүндө 50 билдирүү, электрондук почта боюнча 36, «ишеним телефонуна» 41 жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үч кайрылуу болгон.

Салык кызматынын маалыматы боюнча, кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерине байланыштуу кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 45 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 38и боюнча тастыкталды, экөө жарым-жартылай тастыкталды, 14 арыз каралып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG