Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Аба ырайы: жаан жаайт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 21-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте 21-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6°, күндүзгү жогорку температурасы 14…16° болот.

XS
SM
MD
LG