Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:54

Трамп «Чоң жетинин» саммитин өзүнүн гольф-клубунда өткөрүү оюнан кайтты


Майами шаарындагы «Trump National Doral» гольф-курортунун кире бериши. 3-апрель, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Чоң жетинин» саммитин Флорида штатындагы өзүнө караштуу гольф-курорттордун биринде өткөрүү оюнан кайтты. Ал бул тууралуу «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Трамптын администрациясы 2020-жылы болчу саммитти өткөрүүгө жаңы жер издей баштаганы кабарланды. Эми дүйнө лидерлери келерки жылы Кэмп-Дэвид резиденциясында жолугуп калышы мүмкүн.

17-октябрда Кошмо Штаттардын президентинин администрациясы Флорида штатындагы Дональд Трампка караштуу гольф-курорттордун бири «Чоң жетинин» саммитин өткөрүш үчүн тандалып алынганын жарыялаган.

Администрация башчысынын милдетин аткаруучу Мик Малвейни 2020-жылдын 10-12-июнь күндөрү өтө турган саммит үчүн 12 жай караштырылып, Майамидеги «Trump National Doral» гольф-курортун тандашканын айткан.

Өкүлдөр палатасынын юридикалык комитетинин төрагасы Жерри Надлер бул чечимди «президенттин жемкорлукка барып жатканын айгинелеген мисалдардын бири» деп атаган. Ошондой эле бул чечим коомчулуктун сынына кабылган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG