Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Машинелерди каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү жол-жобосу жеңилдетилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү жол-жобосун жеңилдетүү боюнча чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ага ылайык, юридикалык жактар үчүн машинелерге техникалык талон берүү жоюлду. Транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине "биргелешкен ээси" жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат. Чет элдик жарандар үчүн автоунааны каттоо процедурасы жеңилдетилет.

Ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет. Бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.

Андан тышкары «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук жана тракторист-машинист күбөлүктөрүн берүүнүн эрежелери жөнүндө» токтомго өзгөртүүлөр киргизилди.

Айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюлду. Медициналык маалымдаманын мөөнөтү бир жылга чейин узартылды. Чет элдик жарандар башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштыргысы келсе, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат. (BTo)

XS
SM
MD
LG