Бишкектин Калыс-Ордо конушунда жер басып алууга шек саналып кармалган адам эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Бул тууралуу мэрия Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына таянып кабарлады.
Шектүү тергөө бүткөнчө Бишкектеги №1 абакта болот.
Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы ишти Жазык кодексинин «Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу» деген беренесинин негизинде иликтей баштаган.
Милициянын маалыматы боюнча, 15-октябрда муниципалдык жерди басып алууга аракет кылган 23 адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын тек жайы аныкталып, күбө катары суралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин баары коё берилген.
Мэрия 15-октябрда 100дөй адам Калыс-Ордо конушундагы жети гектар жерди басып алууга аракеттенишкенин, шаар бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге каршы турарын билдирди. (BTo)