Эки жумага созулган тыныгуудан кийин Гонконгдо жекшемби күнү уруксатсыз демонстрациялар кайра башталды. Көчөлөргө он миңдеген адамдар чыгышты. 20-октябрдагы акцияларда полиция менен демонстранттар кагылышты. Тартип коргоочулар акциянын катышуучуларына каршы жаш чыгарчу газ бүрктү. Демонстранттар аларга күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып жатышты.
Кармалгандар тууралуу маалыматтар чыккан жок.
Гонконгдо июнь айынын башынан бери полиция менен демонстранттар кагылышкан калайман нааразылык акциялары өтүп жатат. Миңдеген адамды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон. Өкмөт ал мыйзам долбоорун четке какканы менен, демонстранттар аймак башчысы Кэрри Ламдын кызматтан кетишин жана акцияларда камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлери жазаланышын талап кылып жатышат.
Июндан бери эки адамга ок тийген, миңдеген адамдар жарадар болуп, эки жарым миңдей киши камалган.
Гонконгдо нааразылык акциялары уланды
