Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Пентагондун башчысы Ооганстанга күтүүсүз барды


Кошмо Штаттардын коргоо министри Марк Эспер. 28-август, 2019-жыл.
Кошмо Штаттардын коргоо министри Марк Эспер. 28-август, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын коргоо министри Марк Эспер ооган баш калаасына 20-октябрда күтүүсүз барды. Бул анын Пентагондун башчылыгына келгени Ооганстанга жасаган биринчи сапары.

Маалыматка караганда, ал мамлекет башчысы Ашраф Гани менен жолугуп, Ооганстандагы 14 миңдей америкалык аскерлерден кабар алат.

Өткөн айда Кошмо Штаттар Ооганстандагы тынчтыкка жетишүү үчүн "Талибан" кыймылы менен алты айдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрүн токтотуп койгон. Эспер журналисттерге Вашингтон Ооганстандагы аскерлеринин санын сегиз миңге чейин кыскартышы мүмкүн экенин айтты.

19-октябрда өлкө чыгышындагы мечитте болгон жардыруудан 70тей киши мүрт кетти.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG