Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

«Сирия демократиялык күчтөрү» чек ара аймагынан чыгып кетерин билдирди


Сириянын түндүгүндөгү Рас-ал-Айн шаарынын үстүнө көтөрүлгөн түтүн. 17-октябрь, 2019-жыл.
Сириянын түндүгүндөгү Рас-ал-Айн шаарынын үстүнө көтөрүлгөн түтүн. 17-октябрь, 2019-жыл.

Сириялык күрддөрдүн лидери түркиялык күчтөр мүмкүнчүлүк берген шартта аскерлерин чек ара аймагынан чыгарып кетерин билдирди. Ал бул кадамга АКШнын ортомчулугу менен жетишилген келишимдин алкагында барарын кошумчалады.

«Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөштө АКШнын өнөктөшү болгон «Сирия демократиялык күчтөрү» кыймылынын башчысы Редур Халил анын аскерлери Түркия менен чектешкен аймактан 30 чакырым алыс чыгарыларын 19-октябрда айтты.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жекшембиде жасаган билдирүүсүндө Анкара келишимде белгиленген «коопсуз тилкелеринде» «бир да күрд жоочусу калышын каалабай турганын» айтты.

Атышуу башталганы түмөндөгөн жайкын тургундар үй-жайын таштап шаардан чыгып кетүүгө аргасыз болушту.

Анкара Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы чабуулун Трамп ал жактан америкалык аскерлерин чыгарып кеткенин 6-октябрда жарыялаган соң баштаган. Трамптын бул кадамын сындаган демократтар Түркияга санкция киргизерин айтышкан.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Анкарада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуп, Сириянын түндүгүндөгү операцияны убактылуу токтото турууну 17-октябрда макулдашкан.

Атышууну токтотуу боюнча келишимге карабай, Түркиянын колдоосуна ээ сириялык күчтөр менен күрд кошуундарынын ортосунда кагылышуулар 19-октябрда да катталды. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптады.

Ишембиде Париж жана Көлн шаарларында миңдеген адамдар Түркиянын Сириянын түндүгүндө жүргүзүп жаткан аскердик операциясына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG