Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:05

Ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүүгө шек саналгандар эки айга камалды


Ишкер Хуфур Абдурахеманды өлтүрүүгө шек саналгандар.

Ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдоого жана өлтүрүүгө шек саналып кармалган төрт кишинин бөгөт чарасы аныкталып, Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардык милиция ишкердин өлүмү боюнча жогорудагы төрт шектүүдөн башка дагы адамдар күбө катары суралып жатканын кабарлап, бирок алардын санын жана кимдер экенин ачык айткан жок.

Ишкерди өлтүрүүгө шек саналган төрт киши 19-октябрда кармалган. Алар Абдурахемандын ак түстөгү «BMW Х5» автоунаасын кара түскө боёп салганы аныкталган. Шектүүлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде анын сөөгү Нарындын Кочкор районундагы автожолдон 150 метр ары жактан табылган. Анын сөөгү жерге 70-80 сантиметр тереңдикте көмүлгөн.

5-октябрда Хуфур Абдурахемандын тууганы, агасы 4-октябрда ак түстөгү «BMW Х5» автоунаасы менен Бишкектеги «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон табылбай жатканын айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам уурдоо» беренеси менен катталган.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары кармалгандардын экөө мурда милицияда иштеп кеткенин, шектүүлөрдүн арасында уюшкан кылмыштуу топтун да мүчөсү бар экенин жазышууда. Милиция бул боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.

Хуфур Абдурахеман «Мадина» базарындагы «Мадина» кафесинин ээси болгон. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG