Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Абылгазиев аппарат жетекчисинин орун басарын кызматтан четтетти


Бакыт Калмуратов.
Бакыт Калмуратов.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду кызматтан четтетти.

Өкмөттүн басма сөз кызматы «Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүшү керек деп эсептейт» деп билдирди.

kaktus.media сайты аткезчилик жол менен алынып келген өрдөк этине байланыштуу чырда Бакыт Калмуратов менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиевдин аты аталып жатканын жазды.

Ага ылайык аталган эки аткаминер ишкерге жардам берүү тууралуу убада менен 50 миң доллар алышы мүмкүн экени кабарланды. Бул боюнча азырынча Финансы полициясы комментарий бере элек.

Бакыт Калмуратов 2008-2017-жылга чейин Социалдык фонддо ар кандай кызматтарда иштеген. 2017-жылы январь-ноябрь айларында өкмөттүн аппараттында иштеп, биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси болгон. 2019-жылдын майынан тартып өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп келаткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG