Исламабад менен Нью-Делинин чектешкен аймагында 19-20-октябрь күндөрү эки өлкөнүн жоокерлеринин атышуусу катталып, бери дегенде жети жайкын тургун, үч аскер окко учту.
Кагылышууга байланыштуу тараптар бири-бири күнөөлөп жатат, бири экинчисинен кескин айырмаланган ар башка маалымат таратууда.
Пакистан армиясынын өкүлү, генерал-майор Асиф Гафур Индияны "атайылап жайкын тургундарды бутага алды" деп айыптады. Анын маалымдашынча, Кашмирдин Исламабад көзөмөлдөгөн аймагында алты тургун, бир жоокер өлдү, дагы жети адам жарадар болду.
Асиф Гафур Пакистан жоокерлеринин огунан Нью-Делинин тогуз жоокери ажал тапканын, дагы бир канчасы жарадар болгонун айтты.
Бирок Индия бул маалыматты төгүндөп жатат. "Reuters" маалымат агенттиги Индия бийлигинин өкүлдөрүнө таянып, Пакистандын күчтөрү Индиянын чек ара бекетине кол салганын, анда бир жоокер жана эки жайкын тургун ажал тапканын, ал эми Купвара тоолуу районунда үч аскер жарадар болгонун маалымдады.
Соңку күндөрү Пакистан менен Индиянын армиясы көп кагылыша баштады. Буга быйыл август айында Индиянын өкмөтү Баш мыйзамын өзгөртүп, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарарын жарыялаганы себеп болду. Ага ылайык, негизинен мусулмандар байырлаган Жамму жана Кашмир штаты мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калат.
Пакистан Нью-Делинин мындай чечимин кескин айыптаган жана жооп кайтара аларын айткан.
Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч ири согуштун экөө Кашмирдин айынан тутанган.