Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:48

Кыргызстанда электромобилдер автоунаа салыгынан бошотулат


Өкмөттө өткөн жыйын.
Өкмөттө өткөн жыйын.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Ага ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга, автопаркты оңдоого жана аны камсыздоого бюджеттен кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзүлөт. Электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндө атайын баа бекитилет.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Абылгазиев андан тышкары электромобилдер үчүн кошумча нарк салыгын төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырганын кабарлады. Ошондой эле транспорттун бул түрү автоунаа салыгынан бошотулат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2017-жылы Кыргызстанда 1173 миң транспорттук каражат катталган. Анын 94,6 пайызы чыгарылганына 10 жыл жана андан ашык убакыт өткөн. Бул статистика өлкөнүн автопаркынын эскерип бара жатканын көрсөтөт.

«Bloomberg New Energy Finance» (BNEF) эксперттик баалоолоруна караганда, 2025-жылы электромобилдерди сатуу 11 миллион даанага жетет жана 2030-жылы 30 миллион даанадан ашат. (BTo)

XS
SM
MD
LG