Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Кишинёвдун мэри биринчи айлампада шайланбай калды


Молдованын өкмөт башчысы Майя Санду таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү тууралуу убада берген.
Молдованын өкмөт башчысы Майя Санду таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү тууралуу убада берген.

Молдованын борбору Кишинёв шаарында 20-октябрдагы мэр шайлоодо орусиячыл адис Ион Чебан менен Европага ыктаган ACUM («Азыр») блогунан талапкер Андрей Нэстасе экинчи турга чыгышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын болжолдуу маалыматына ылайык, Чебан 40, ал эми Нэстасе 31 пайыз добуш алды.

Бир да талапкер 50 пайыздан көбүрөк добуш албагандыктан, шайлоонун экинчи айлампасы 3-ноябрга белгиленди.

Бул Молдовада мындан төрт ай мурун батышчыл өкмөт бийликке келгенден бери жергиликтүү кеңешке алгачкы шайлоо болуп калды. 20-октябрдагы добуш берүүдө молдовандар жалпысынан 900дөй шаар мэрин, жергиликтүү кеңештердин 11 миңдей мүчөсүн тандашты.

Премьер-министр Майя Санду эркин жана акыйкат шайлоо өткөрүүгө убада берген жана күч органдарына ар кандай чагымдардын алдын алуу зарыл экенин эскерткен.

Молдова Батыштагы өнөктөштөрүнүн талабы боюнча реформа жүргүзүүгө аракет кылып келет. Мындан беш жыл мурун мамлекеттик банктардан бир миллиарддан ашык доллар кымырылып кеткени Европадагы бул эң жакыр өлкөнүн абалын ого бетер оорлоткон жана өкмөттүн алмашуусуна негиз болгон.

Быйыл февраль айындагы шайлоодон кийин өлкө конституциялык каатчылыкка кептелген. Москвага ыктаган президент Игорь Додон менен Майя Сандунун талапкерлигин колдогон парламенттин жана Конституциялык соттун ортосунда саясий тиреш болгон.

Европа комиссиясы сентябрь айында Молдованын Еврошаркеттин алдындагы милдеттенмелери боюнча баяндамасын жарыялаган. Андан Кишинёв экономика жана банк тармагындагы бир аз реформа жасаганы белгилеген. Бирок коррупцияга каршы күрөшү «чеке жылытарлык эмес» деп айтылган.

XS
SM
MD
LG