Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Нэнси Пелоси баштаган Конгресс өкүлдөрү Ооганстанда болду


Нэнси Пелоси президент Ашраф Гани баштаган ооган бийлигинин жетекчилери менен жолукту.
Нэнси Пелоси президент Ашраф Гани баштаган ооган бийлигинин жетекчилери менен жолукту.

АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пэлоси баштаган Конгресстин жогорку даражалуу өкүлдөрү 20-октябрда Ооганстанга күтүүсүз барышты. Ал ооган президенти Ашраф Гани баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукту. Ошондой эле Кабулга анын алдында барган Кошмо Штаттардын коргоо министри Марк Эспер баштаган америкалык аскер жетекчилери, жоокерлер менен кездешти.

Бул быйыл июль айында коргоо министри болуп дайындалган Марк Эспердин Ооганстандагы алгачкы сапары болуп калды. Ал да мамлекет башчы Ашраф Гани менен жолугушуп, Ооганстанды байырлап турган 14 миңдей америкалык аскерден кабар алды.

Өткөн айдын башында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылы менен Ооганстандагы согушту токтотуу боюнча бир канча айдан берки сүйлөшүүлөрдү бир тараптуу токтотуп койгон. Буга америкалык жоокердин өлүмү менен аяктаган талибдердин чабуулу себеп болгон. Буга байланыштуу «Талибан» да чабуулдарын күчөткөн.

Мунун алдында Бириккен Улуттар Уюму Ооганстандагы согуштун жайкын тургундарга тийгизген кесепетине катуу камтамачылыгын билдирген. Ага ылайык, бул убакыт аралыгында эң көп жайкын тургун, тактап айтканда, бир миңден ашуун бейкүнөө адам ажал таап, дагы 3 миңден көп киши жаракат алган. Бул былтыркы жылдагы көрсөткүчкө караганда 42 пайызга көп болгон.

Быйылкы жылдын 9 айында БУУнун Ооганстандагы миссиясы 8 239 карапайым кишинин өлүмүн же жабыркаганын каттаган. Алардын жалпы санын алып караганда 41 пайызын аялдар менен балдар түзөт.

XS
SM
MD
LG