Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Чили: кийим тиккен фабрикадагы өрт сегиз адамдын өмүрүн алды


Чилидеги тоз-тополоңго метронун жол киреси 50дөй центке (үч сомго) кымбаттаганы себеп болду.
Чилидеги тоз-тополоңго метронун жол киреси 50дөй центке (үч сомго) кымбаттаганы себеп болду.

Чилидеги калайман башаламандыкта кийим тиккен фабрика өрттөлүп, анда сегиз адам каза тапты.

Метронун жол киреси жарым центке (үч сомго) кымбаттаганына байланыштуу бул өлкөдө үч күндөн бери нааразылык, тоз-тополоң токтобой жатат.

Көчөгө чыккандар машинелерди өрттөп, дүкөндөрдү жна башка жайларды талкалап жатышат. Полиция аларга каршы жаш агызган газ колдонду. Борбор шаар Сантьягодо, бир катар шаарларда өзгөчө абал жарыяланды.

Чилинин президенти Себастьян Пинера тартип орнотуш үчүн көчөлөргө аскерлерди жайгаштыруу тууралуу буйрук чыгарды жана бул чечимин «демократия өзүн коргоого милдеттүү» деп түшүндүрдү.

Ишембиде президент метронун жол киресин көтөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарганы менен, нааразылык уланууда.

Чили – Латын Америкасындагы эң бай өлкөлөрдүн бири болгону менен, коомдо теңсиздик дагы эле көп.

XS
SM
MD
LG