Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:45

Түндүк Македонияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт


Зоран Заев.
Зоран Заев.

Өлкөнүн премьер-министри Зоран Заев келерки парламенттик шайлоо кийинки жылы 12-апрелге белгиленгенин билдирди. Буга Брюсселдин Түндүк Македония менен Албанияны Европа Биримдигине кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырып койгону себеп болду. Анда бул өлкөлөр Еврошаркеттин бир катар талаптарын аткарышы керек экендиги айтылды.

Скопье жана Тирана менен сүйлөшүү кийинки жылдын башына калды. Зоран Заев буга байланыштуу нааразылыгын билдирди жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо «жарандар мындан ары кайсы жол менен барарын тандаш үчүн керек экенин» айтты.

Буга чейин Түндүк Македониянын Европа Биримдигине киришине курамында Македония аттуу тарыхый облусу бар Грекия каршы болуп келген. Македония Республикасы ушундан улам атын Түндүк Македония деп өзгөрткөн.

Бул жолу Түндүк Македониянын Еврошаркетке кошулушуна Франция, Дания жана Нидерланды макул болгон жок. Уюмдун жетекчилери жана бир катар мүчөлөрү муну «тарыхый жаңылыш чечим» деп сыпатташты.

Түндүк Македония менен Албаниядан сырткары Монтенегро менен Сербия да Европага Биримдигине кошулууга аракет кылып келет.

XS
SM
MD
LG