Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:32

Былтыр үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 62 аял каза таап, 288 аял ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Бул 2017-жылга салыштырмалуу эки эсе көп.

Бул тууралуу 21-октябрда Кыргызстанда «Зомбулуксуз жашоо» деген ураан менен маалымат кербенин жыйынтыктоо иш-чарасында айтылды.

Бирок бул маалыматты расмий органдар ырастай элек.

10-октябрда башталган акция жети облуста өтүп, ар кыл тармакта алектенген лидер аялдардын баяндары жана флешмобдор түрүндөгү иш-чаралар уюштурулду.

Өнөктүккө гендердик теңчилик, жаштар саясаты менен алектенген мамлекеттик кызматкерлер, студенттер, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү болуп жалпысынан 500дөй адам катышты. (GT)

XS
SM
MD
LG