Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

Австралиялык авиакомпания эң узак учуу боюнча рекорд койду


«Кантас» авиакомпаниясынын учагы.
«Кантас» авиакомпаниясынын учагы.

Австралиянын «Кантас» авиакомпаниясы тарыхтагы эң узак коммерциялык каттамды ишке ашырып рекорд койду. Өткөн ишембиде Нью-Йорктон Сиднейге багыт алган «Боинг Дримлайнер» 16 200 чакырымды токтобой дээрлик 19 сааттан ашык учту. Бортто экипаждан тышкары 50 жүргүнчү бар болчу.

Бул сыноо иретиндеги учуунун башкы максаты - пилоттордун, экипаждын жана жүргүнчүлөрдүн мындай узак каттамда өздөрүн кандай сезерин байкап көрүү болгон.

Изилдөөчүлөрдүн тобу пилоттордун мээсинин иш ыргагына, борттогу жарыкка байкоо салып турду. Жүргүнчүлөр өздөрүн жакшы сезиши үчүн тамак атайын түзүлгөн жадыбал боюнча берилди. Андан сырткары көнүгүүлөр үчүн атайын жай да бөлүнгөн.

Учакты төрт учкуч алмак-салмак айдап барды, борттогуларды 6 стюард тейледи.

«Кантас» авиакомпаниясынын жетекчиси Алан Жойс муну дүйнө авиациясы үчүн тарыхый учур катары сыпаттады.

Бул сыноодон кийин «Кантас» «Боинг» жана «Аэробус» менен биргелешип өтө узак рейстер үчүн атайын учактарды иштеп чыгууну караштырып жатат.

Аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын божомолдоруна ылайык, бүгүн учак менен саякаттаган жүргүнчүлөрдүн саны жылына 4 жарым миллиардды түзсө, 2037-жылга чейин 8,2 миллиардга жетмекчи.

XS
SM
MD
LG