Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугу көбөйдү


Нурсултан Назарбаев Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган.
Нурсултан Назарбаев Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койду. Бул тууралуу "РИА Новости" маалымат агенттиги кабарлады.

Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Назарбаев президенттиктен быйыл март айында өз каалоосу менен кеткен. Бирок Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматын жана бийликтеги "Нур Отан" партиясынын лидерлигин сактап калган.

Токаевдин буйругуна ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри сыяктуу кызматтардан башка өкмөт мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу менен гана дайындалат.

Андан сырткары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык гвардия, Тышкы чалгын кызматы, Күзөт кызматы өңдүү президентке түздөн-түз баш ийген орган, мекемелердин башчыларын дайындоодо Коопсуздук кеңешинин жетекчиси менен кеңешүү керек болот.

Ошондой эле облус акимдерин, республикалык деңгээлдеги шаарлар жана борбор калаанын мэрлерин коюуда да Назарбаев менен кеңешүү зарыл.

Назарбаев быйыл 79 жашка чыкты. Ал алгач президент болуп 1990-жылы апрель айында шайланган жана беш жолу шайлоого катышып, эң көп пайыз добуш алып жүргөн.

Былтыр Конституцияга өзгөртүү киргизилип, Назарбаев Коопсуздук кеңешин көзү өткүчө жетектегенге мүмкүнчүлүк алган.

Анын тушунда "жеке адамдын керт башына сыйынуу" көрүнүшү кеңири жайылган жана Назарбаевге "Элбашы" деген наам берилген.

Назарбаевге адам укугун бузуу, ыйгарым укугунан аша чабуу, демократиялык баалуулуктарга шек келтирүү боюнча сын-дооматтар бир топ жылдардан бери көп айтылып келе жатат.

XS
SM
MD
LG