Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Сириянын өкмөттүк армиясы Ракка чөлкөмүнө келди


Анкара Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулун убактылуу токтоткон.
Анкара Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулун убактылуу токтоткон.

Сириянын мамлекеттик телеканалы жекшембиде кабарлагандай, армия Ракка чөлкөмүндөгү стратегиялык жайларга жайгаша баштады. Өткөн жумада күрд кошуундары түрк куралдуу күчтөрүнүн мизин кайтаруу үчүн Дамаскка баш ийген армияны жардамга чакырган. Ошондон бери сириялык аскерлер мурда Вашингтондун коргоосунда болуп келген аймактарга жайгаштырылган. Ошол эле телеканал АКШ өз жоокерлерин Манбиж шаарынын жанындагы базадан алып кетип жатканын маалымдады.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп айдын башында Сириядагы миң аскерин алып кетүүнү чечкен жана бул катуу сынга кабылган.

19-октябрда АКШнын коргоо министри Марк Эспер ошол контингент “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы согушту улантуу үчүн Иракка жайгаштырыларын билдирген.

18-октябрда АКШ менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү түрк армиясынын операциясын убактылуу токтотууну макулдашкан. Ага ылайык, Түркиянын чабуулу убактылуу 120 саатка токтотулган. Бул убакытта күрддөрдүн куралдуу кошуундары аскердик операция болуп жаткан аймактан чыгып кетүүгө тийиш.

Түркия жана ал колдогон сириялык козголоңчу топтор президент Дональд Трамп америкалык аскерлер чек аралаш аймактан чыгарылып кеткенин жарыялары менен Сириянын түндүгүндөгү чабуулун баштаган.

Күрддөр «Ислам мамлекети» радикал тобуна каршы күрөштө АКШнын өнөктөшү болгон. Бирок Анкара аларды террорчу топко теңейт.

Вашингтондо демократтар Трамптын аймактан америкалык аскерлерди чыгарып кеткени боюнча чечимин сынга алышып, атышуунун токтогонуна карабай Түркияга каршы санкция киргизерин билдиришти.

XS
SM
MD
LG