Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Абылгазиев ишкерлерге: маселени криминал менен чечкен жарабайт


Өкмөттө өткөн кеңешме.
Өкмөттө өткөн кеңешме.

Мамлекет ишкерлерди коргоону өзүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары көрөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө өткөн жыйында бишкектик ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып, андан кийин киши колдуу болуп көз жумганы боюнча кылмыш фактысы сөз болгон учурда айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Абылгазиев бул кылмыш иши боюнча бардык күнөөлүү адамдарды, анын ичинде «маалымат ташыгыч» ким экендигин аныктоону тапшырды.

- Акыркы окуялар укук коргоо органдары ишкерликти колдоо боюнча тереңдетилген иштерди аткарууга тийиш экендигин даана күбөлөндүрүп турат, - деди Абылгазиев.

Кеңешмеде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу сегиз шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилгенин билдирди. Андан тышкары кылмышка тиешеси бар, анын ичинде ишкердин автоунаасын сатууга аракет кылган жарандар аныкталганын кошумчалады.

Премьер-министр ишкерлерди, анын ичинен чет элдиктерди, мыйзамды сактоого жана маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө чакырды. Эгерде маселе жаралса, өмүрдү жана мүлктү сактоо үчүн милицияга кайрылуу керектигин айтты.

Ишкер Хуфур Абдурахеман 4-октябрдан бери дайынсыз болуп, анын сөөгү 19-октябрда Нарындын Кочкор районунан табылган. Милиция буга чейин аны өлтүрүүгө шек саналып төрт киши кармалганын кабарласа, кийинчерээк Ички иштер министрлиги сегиз киши колго түшүрүлгөнүн жарыялады.

39 жаштагы жаш ишкер Хуфур Абдурахеман «Мадина» базарындагы «Мадина» кафесинин ээси болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG