Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Красноярск крайында аза күтүү күнү жарыяланды


Кырсыктан 15 адам ажал тапты, дагы беш кишинин дайыны белгисиз.

Красноярск крайында бүгүн, 21-октябрда аза күтүп жатышат. 19-октябрда Сейба дарыясындагы беш дамба кыйрап, анын кесепетинен 15 киши өлгөн, дагы беш адамдын дайыны чыкпай жатат.

20-октябрда Орусиянын Тергөө комитети дамбалар алтын казылган тилкеден сууну буруп туруу үчүн мыйзамсыз курулганын маалымдады.

Тергөө эч ким ал объектилерди текшербегенин, тиешелүү документтер берилбегенин аныктады.

Кырсык 19-октябрга караган түнү алтын кенде болгон. Топурак, ылай, таш аралаш толкундун бииктиги 4-5 метрге жетип, технологиялык көлмөнүн суусун кармап турган дамбаларды кыйраткан. Эки жатакана баткактын алдында калган.

Ишембиде дамбага ээлик кылган компаниянын жетекчиси жана эки кызматкери кармалды.

XS
SM
MD
LG