Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Азимжан Аскаров эл аралык уюмдарга кайрылды


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаров БУУнун Качкындар боюнча жогорку коммиссарынын башкармалыгынын төрагасына, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги борборуна ачык кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу "Voice of Freedom" коомдук фондунун башчысы Абдумомун Мамараимов кабарлады.

Аскаров №19 абактын жетекчисинин укук бузган аракеттерине даттанды. Ал жакындары менен жолугушуулары чектелип, жаза жайын мыйзамсыз аныкталганын, пенсияга байланыштуу талаптары аткарылбай жатканын белгиледи. Ал өзүнүн гана эмес, башкалардын да укугу тебеленип жатканын жазган.

Ошондой эле 2010-жылдагы июнь коогасына айыпталып камалгандар эл аралык уюмдардан көз карандысыз иликтөө күтүп жатканын кошумчалаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кайрылуу боюнча азырынча комментарий бере элек.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал азыр Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта кармалууда.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Аскаров куру доомат менен камалганын, ден соолугу начарлап кеткенин, аны бошотуп, дарылоого жөнөтүү керектигин айтып келатышат.

XS
SM
MD
LG