Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Берик Уали: Токаевдин Назарбаев тууралуу буйругу - катардагы буйрук


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укуктарын кеңейткен буйругу тууралуу анын басма сөз катчысы Берик Уали комментарий берди.

Ал "Фейсбуктагы" баракчасына муну "катардагы эле буйрук" деп атады жана былтыр июль айында кабыл алынган, Нурсултан Назарбаевге көзү өткүчө Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болууга жол ачкан "Коопсуздук кеңеши жөнүндө" мыйзамга ылайык кабыл алынганын билдирди.

"Мамлекеттеги маанилүү кызмат орундарга дайындоонун азыркыдай тартиби кадр саясатында президенттин өз алдынча чечим кабыл алуусуна тоскоол болбойт. Муну жакында эле Элбашы "Кабар" телеканалына берген маегинде "Токаев мени менен кеңешет, бирок чечимди өз алдынча кабыл алат" деп айтып бышыктады. Президент - Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы, өкмөттү түзөт, мамлекеттин башчысы", деп жазды.

Мунун алдында Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн аягына чейин башкарган, бийликтеги "Нур-Отан" партиясынын лидери Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укугун жогорулаткан буйрукка кол койгону белгилүү болгон.

Документке ылайык, мындан ары тышкы жана ички иштер министри, коргоо министри кызматынан башка өкмөт мүчөлөрү Коопсуздук кеңешинин төрагасынын макулдугу менен гана дайындалат. Андан сырткары Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Улуттук банк, Республикалык гвардия, Тышкы чалгын кызматы, Күзөт кызматы өңдүү президентке түздөн-түз баш ийген орган, мекемелердин башчыларын дайындоодо Коопсуздук кеңешинин жетекчиси менен кеңешүү керек болот. Ошондой эле облус акимдерин, республикалык деңгээлдеги шаарлар жана борбор калаанын мэрлерин коюуда да Назарбаев менен кеңешүү зарыл.

Казакстанды 30 жылдан ашык башкарган Назарбаев президенттиктен быйыл март айында өз каалоосу менен кеткен. Ал быйыл быйыл 79 жашка чыкты. Ал алгач президент болуп 1990-жылы апрель айында шайланган жана беш жолу шайлоого катышып, эң көп пайыз добуш алып жүргөн. Анын тушунда "жеке адамдын керт башына сыйынуу" көрүнүшү кеңири жайылган жана Назарбаевге "Элбашы" деген наам берилген.

Назарбаевге адам укугун бузуу, ыйгарым укугунан аша чабуу, демократиялык баалуулуктарга шек келтирүү боюнча сын-дооматтар бир топ жылдардан бери көп айтылып келе жатат.

XS
SM
MD
LG