Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Өзбекстанда мыйзамсыз декретке чыккандар аныкталды


Өзбек суму.
Өзбек суму.

Өзбекстандын бюджеттик мекемелеринде соңку эки жарым жыл аралыгында 3,1 млрд. сум же 330 миң доллар декреттик өргүү үчүн жөлөк пул катары мыйзамсыз төлөнүп берилген.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасына таандык «Укук» гезити жазып чыкты.

Маалыматка караганда, айрым бюджеттик мекемелердин кызматкерлери жалган документ менен декреттик төлөм алып турушкан.

Иликтөө иштеринен кийин 61 кызматкер тартип жазасына тартылды, 141 адамга административдик жана эки кишиге кылмыш жоопкерчилиги каралды.

1,1 млрд. сум ыктыярдуу түрдө мамлекеттин казынасына кайтарылды.

XS
SM
MD
LG