Пентагондун башчысы АКШнын Ооганстандагы вазийпасы “узак мөөнөттүү” болоруна ишендирди. Марк Эспер мындай билдирүүнү америкалык аскерлер Сириядан чыгарылып, ооган жергесиндеги контингент да чегинбейби деген тынчсыздануу күчөп турган кезде жасады.
АКШнын Коргоо министрлигинин башына ушул жайда келген Эспер 21-октябрда Кабулдагы НАТО күчтөрүнүн миссиясынын баш кеңсесинде болду. Министр Ооганстандагы “Ал-Каидадан” башталган коркунучту бүгүн Кошмо Штаттарга “Талибан” жана “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму жаратып жатканын белгиледи.
- Биз миссиябызды, тактап айтканда Ооганстандын аймагын АКШ жана анын өнөктөштөрүнө кол салууну ниет кылган террорчулардан тазалоо вазийпабызды аткара беребиз, - деди Марк Эспер.
"Ассошиейтед Пресс" кабарлагандай, алдынкы күнү Эспер Вашингтон антитеррордук аракеттерге залакасын тийгизбестен Ооганстанда 8 миң 600 аскерин калтыра алат деп айтты.