Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:35

Ысык-Көл: быйыл төрөт маалында эки эне каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын тогуз айында Ысык-Көл облусунун аймагында төрөт маалында эки эненин өлүмү катталды. Бул тууралуу тогуз айдагы абалга сереп салган облустук коллегиянын жыйынында айтылды.

Андагы маалыматка ылайык, демографиялык абал балдардын төрөлүшүнүн азайышы, жалпы өлүмдүн, анын ичинен бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн өсүшү мененен мүнөздөлгөнү айтылды.

2019-жылдын 9 айында 7976 ымыркай төрөлгөн. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 493 ымыркайга аз.

Ал эми 132 ымыркай бала чарчап калган.(KS)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG