Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагындагы Дашман коругунун кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар ортосунда түшүнбөстүк жаралды. Бул тууралуу аталган коруктун директору Кочкорбай Калдарбаев билдирди. Маалыматка ылайык, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкуловдун 25-сентябрындагы буйругунун негизинде коруктардагы мыйзамсыз жаңгак терүү аракеттерин токтотуу талабы коюлган. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар токойчулардын талабын аткаруудан баш тартууда.
“Алар биздин кызматкерлердин талаптарына баш ийбей, өз билемдик менен жаңгак терип жатышат. Бир жумадан бери күн сайын 500дөй адам чогулуп, корук айланасына киргизүүнү талап кылып жатышат. Учурда бир нече унаа токойдун ичинде жүрөт. Жергиликтүү милициянын да, биздин кызматкерлердин да аларды чыгарууга күчү жетпей жатат" - деди Калдарбаев.
Бүгүн нааразычылык билдирип токой аянтына чогулгандар менен район акими Айбек Бегимкулов баштаган жергиликтүү жетекчилер чогулуп, маселени өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жеткире тургандыгын айтышты.
Чогулгандар Дашман коругун жоюуну жана токойдогу жаңгактын түшүмүн терүүгө уруксат берүүнү талап кылууда.
2012-жылы өкмөттүн буйругу менен Базар-Коргон районундагы Арстанбап жана Кызыл-Үңкүр токой чарбаларынын базасында 4,5 миң гектар токой аянтында Дашман коругу түзүлгөн.(RsK)