Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 20-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:57

КСДПнын мүчөсү Алга Кылычевдин абактагы мөөнөтү узартылды


Алга Кылычев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери Алга Кылычевдин абактагы мөөнөтү 9-декабрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын аталган соттон кабарлашты.

Алга Кылычев 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында башаламандык уюштурган деп айыпталып, камакка алынган. Ал алгач Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып, жакында Бишкек милициясынын убактылуу тергөө жайына которулганы кабарланган.

Жакында Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Кылычевди мурдагы президентке жана КСДПнын мүчөлөрүнө каршы көрсөтмө бергенин айтып чыккан болчу.

Маалыматка ылайык, Алга Кылычев КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берген. Ошондой эле ал Атамбаев бийликти басып алып, төңкөрүш кылууну каалаганын айткан. Бул боюнча Кылычевдин жакындары комментарий бере элек. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG