Чилинин борбор шаары Сантьягодо төрт күндөн бери токтобой жаткан калайман башаламандык, морадерчулуктан улам 21-октябрда коменданттык саат киргизилди. Тоз-тополоңдо өлгөндөрдүн саны 11 адамга жетти. Алардын сегизи кийим тиккен фабрика өрттөлгөн учурда көз жумганы кабарланды.
Армиянын генералы Хавьер Итурриага коменданттык саат кечки саат сегизден, таңкы алтыга чейин созуларын айтты.
Бирок бул буйрук демонстранттарды токтото алган жок, алар түнү менен кайра көчөгө чыгып, кез келген жерден полиция менен кагылышты. Чилинин президенти "өлкө согуш абалына кептелип калганын" эскертти.
Сантьягодогу тополоңдо бир катар дүкөндөр, унаалар өрттөлдү, полиция дем алыш күндөрү айрым супермаркеттерди кайтарып, талоончулуктан коргоого аргасыз болду.
Чилиде калайман нааразылык метронун жол киреси 50 центке (үч сом) кымбаттаганы үчүн башталган. Ишембиде президент жол кирени көтөрүү тууралуу чечимин кайра жокко чыгарганына карабай тополоң токтогон жок. Ага коомдогу социалдык адилетсиздикти жоюу талабы айтылып, президент Себастьян Пинерунун дарегине айтылган дооматтар кошул-ташыл болду.
Чили – Латын Америкасындагы эң бай өлкөлөрдүн бири болгону менен, коомдогу теңсиздик маселеси азыркыга чейин эле курч бойдон калган.