Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:39

Чокморовдун жаңы айкели 17-ноябрда коюлат

Чокморовдун жаңы айкелинин үлгүсү
Чокморовдун жаңы айкелинин үлгүсү

Белгилүү актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкели Бишкекте 17-ноябрда коюлат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

2017-жылы Бишкектин Чүй жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган айкел Сүймөнкул Чокморовго окшошпой калганы үчүн Маданият министрлигинин көркөм кеңеши аны алмаштыруу тууралуу чечим чыгарган.

Быйыл жайында кайрадан төрт этаптан турган сынак өтүп, 18 бедизчинин ичинен Азамат Абдрахмановдун эмгеги тандалып алынган.

Буга чейин жаңы айкел актердун 9-ноябрда белгилене турган мааракесине чейин коюлары айтылган. Бирок бул мөөнөткө жетишпей, 17-ноябрь Кино кино күнүнө карата тургузулмай болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG