Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундары ок атууну токтотуу тууралуу милдеттенмесин аткарбаса, аларга каршы аскердик операция жандана турганын айтты.
Ал 22-октябрда Анкарадан Орусиянын Сочи шаарына учканы жатканда күрд кошуундары Түркия менен Сириянын чек арасындагы Анкара "коопсуз аймак" деп белгилеп алган жерден чыгып кетиши керектигин дагы кайталады.
"Эгер Кошмо Штаттардын бизге берген убадасы аткарылбаса, биз аскердик операциябызды токтоткон жерден кайра чечкиндүүлүк менен улантабыз", - деп айтты Эрдоган.
Сочиде Режеп Тайып Эрдогон Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукмакчы.
АКШнын ортомчулугу аркасында Түркия 18-октябрда Сириянын түндүгүндөгү жортуулун 120 саатка токтоткон жана бул убакыт аралыгында күрд кошуундары "коопсуз аймактан" чыгып кетиши керектигин эскерткен. Ага ылайык, бул мөөнөт бүгүн, 22-октябрда аяктайт.