Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:02

Нур-Султанда Сириядан кайткан жарандардын соту башталды


Террорчулукка айыпталгандардын соту, 22-октябрь, 2019-жыл, Нур-Султан шаары.

Казакстандын Нур-Султан шаарында 22-октябрда Сириядан кайтып келгенден кийин террорчулукка байланыштуу камакка алынган 14 адамдын соту башталды. Сот Промзон районундагы тергөө абагында өтүп жатат.

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитети бул иш боюнча тергөө аяктаганын билдирген. Тергөө материалдарында бул 14 адам Казакстанда тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук топтун мүчөсү болгон деп жазылган.

Ушул жылдын башында казак бийлиги Сириядагы жарандарын кайтаруу операциясын баштаган. Бул өлкөдөн алып келинген ондогон адамга "террорчулук" айыбы менен кылмыш иштери козголгон жана бүгүнкү күнгө карата 10 эркек, беш аял сот өкүмү менен ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Коопсуздук комитетинин соңку маалыматына ылайык, "Жусан" операциясынын алкагында Сириядан баш-аягы 595 жаран кайтарылган, алардын 400дөн ашыгы балдар.

Жалпысынанн Сирия менен Иракка 800дөй казак жараны кеткени айтылган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG