Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

HRW Бакуну митинг учурунда камакка алынгандарды бошотууга чакырды


Аялдар үй-бүлөдө кездешкен зомбулукка каршы митингге чыгышты. Баку. 20-октябрь, 2019-жыл.
Аялдар үй-бүлөдө кездешкен зомбулукка каршы митингге чыгышты. Баку. 20-октябрь, 2019-жыл.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Азербайжандагы соңку митингдер жана анда камакка алынган жарандарга байланыштуу билдирүү таратты. Анда азери бийлигин бул жарандарды коё берүүгө, тартип коргоочулар ыдык көрсөткөн фактыларды текшерип-иликтөөгө чакырды.

Уюмдун 22-октябрдагы билдирүүсүндө белгиленгендей, полициячылар тынч митингге чыккан ондогон оппозиция өкүлүн жана активисттерди курчап алып, ур-токмокко алышкан жана автобус, машинелерге күчтөп салып кетишкен.

"Дагы бир жолу Азербайжан бийлиги жарандардын тынч нааразылык митингдерге чыгуу укугун көз жаздымда калтырды", - деп айтылат HRW уюумунун билдирүүсүндө.

19-октябрда Бакуда оппозициянын акциясына 200дөн көп киши чогулган, ал күндүн эртеси ондогон кыз-келиндер үй-бүлөдө аялдар кабылган зомбулукка каршы чыгышкан.

Эки митингде тең тартип коргоочулар көчөгө чыккандарга күч колдонушкан. Анда 60тан ашык адам кармалган. Полиция кийинчерээк алардын 42син коё берип, 18 адамды тергөө абагына камаган.

XS
SM
MD
LG