Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:44

«Алтын паша» өзбек генералдарынын кутуму тууралуу айтып чыкты


«Алтын паша» атыккан ишкер Ахмед Алиев.
«Алтын паша» атыккан ишкер Ахмед Алиев.

Өзбекстандагы генералдар тобу 2012-жылы мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, ошол кездеги президент, маркум Ислам Каримовду бийликтен кетирүүнү, премьер-министр кызматын ээлеп турган Шавкат Мирзиёевдин көзүн тазалоону максат кылышкан.

Мындай билдирүүнү 21-октябрда өткөн басма сөз жыйынында коомчулукта «Алтын паша» деген каймана ат менен таанымал белгилүү зергер Ахмед Алиев жасады. Ал өзүн мурдагы бийликтин саясий репрессиясынын курмандыгы деп атады. Алиев ошол маалдагы премьерди жок кылуу планынын артында өлкөнүн Коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары генерал Шухрат Гулямов өзү турганын айтты. Гулямов 2017-жылы өмүрүнүн аягына чейин кесилген.

Ахмед Алиев 2013-жылы уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деп 20 жылга эркинен ажыратылган. Мындан эки жыл мурун БУУнун атайын баяндамачысы Алиев менен «Жаслык» колониясында жолукканда ал кыйноо жөнүндө айтып берген.

Алиев «Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысы менен жеке сүйлөшкөндө анда басма сөз жыйынында айткандарын далилдеген документтер бар экенин, аларды 2014-жылы эле өзбек бийлигине, асыресе Мирзиёевге өткөрүп бергенин айтты.

Айрым байкоочулар ишкердин сөзүнө таң калышкан жок. Анткени Алиев аны эл арасында «барса келбес» деген атка конуп, жаманатты болгон «Жаслык» түрмөсүнөн, аны азаптан куткарган Мирзиёевге өмүрүнүн аягына чейин ыраазы болот деп эсептешет.

Өткөн айда Ташкенттин облустук соту Алиевдин ишин кайра карап чыгып, аны сот залынан эркиндикке бошоткон болчу.

XS
SM
MD
LG