Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Текебаев шайлоодо босогону 3 пайызга түшүрүүнү колдойт (видео)


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоодогу добуш топтоо босогосун 3% түшүрүүнү сунуш кылды. Мындай пикирин 22-октябрда Бишкекте Мамлекеттик башкаруу академиясында шайлоо мыйзамын талкуулаган жыйында айтып, бул кадам акчасы аз жана башка мүмкүнчүлүктөрү жок, бирок жаңы идеясы бар кишилердин парламентке келишине жол ачарын билдирди.

Текебаев мурда 5%, 7% босогону колдогонун да белгилеп, дүйнөлүк тенденцияны эске алуу керектигин кошумчалады жана "кечээ мүмкүн болгон нерсе, бүгүн мүмкүн болбой калышы ыктымал",- деди.

Кыргызстандын президентин, Жогорку Кеңешин, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Ош шаары менен Бишкек шаарынын макамы боюнча жалпысынан жети мыйзамга өзгөртүүлөрдү камтыган топтомду президентке караштуу жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан. Анда утуп чыгуу босогосу 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатылган.

2011-жылы босого эсеби 5тен 7 пайызга көтөрүлгөн. 2014-жылы Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидерлери партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун 10 пайызга чейин жогорулатууну сунуш кылып, аны ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев да колдогон. Бул демилгени кубаттагандардын арасында Өмүрбек Текебаев да болгон. (SE)

Шайды оодарган шайлоо мыйзамдары
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00

XS
SM
MD
LG