Президенттик аппарат Бишкектеги арак заводу «жасалма банкроттукка учуратылып, арзан баада менчиктештирилип кеткенине» байланыштуу жамааттык арыз келип түшкөнүн тастыктады. Аны териштирүү президенттик аппараттын милдетине кирбегендиктен, арыз прокуратура органдарына жөнөтүлдү.
21-октябрда жарандык активист Мелис Аспеков президенттик аппаратка арыз жибергенин жана жооп келгенин билдирген.
Аспеков сентябрда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун мүлкүн, фирмаларын, киреше-чыгашаларын текшерүүнү талап кылып Башкы прокуратурага арыз жазган. Ал Турсунбеков Бишкектеги арак заводун жасалма түрдө банкрот кылып, арзан баада менчиктештирип алган деп эсептейт. Экс-спикер муну «шантаж» деп атаган. (SE/BкA)