Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Асылбек Жээнбековго каршы арыз Аскер прокуратурасына жиберилди


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, депутат Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу өтүнүч менен жазылган арыз Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү. Бул тууралуу расмий маалыматты мамлекеттик «Кабар» агенттиги таратты.

21-октябрда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков Башкы прокуратурага кайрылган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу документти парламентте ратификациядан өткөрүүдө Асылбек Жээнбеков мыйзам бузууга жол берген деп эсептейт.

Бир катар аткаминерлерди темир тор артына түшүргөн, Бишкек ЖЭБине байланыштуу ишти териштирүү 2017-жылы башталган.

Асылбек Жээнбеков - президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы. Ал Темирлан Султанбековдун арызына байланыштуу комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG