Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Тажикстанда террордук уюмдун мурдагы лидеринин балдары соттолду


Тажикстандын Жогорку сотунун имараты. 2014-жылдагы көрүнүшү.
Тажикстандын Жогорку сотунун имараты. 2014-жылдагы көрүнүшү.

Тажикстандын Жогорку соту «Ансаруллах Жамаатынын» мурдагы лидери Амриддин Табаровдун эки уулун узак мөөнөттөргө абакка кести.

Мекемеден өкүм 29-августта эле чыккан, бирок бул тууралуу 22-октябрда гана белгилүү болду.

Ооганстандан Тажикстанга былтыр экстрадицияланган Абдулфаттох Табаров 23, Саиджамолиддин Табаров 16 жылга кесилишти. Алар «Кылмыштуу топ түзүү», «Конституциялык түзүлүштү кулатууга ачык чакыруу» жана «Мыйзамсыз курал сактоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Азырынча бир тууган Табаровдор күнөөсүн моюнга алган-албаганы белгисиз.

«Ансаруллах Жамааты» - тажик жоочулары тарабынан 1990-жылдары Пакистанда түзүлгөн террордук уюм. Кийинчерээк Амриддин Табаровдун башчылыгы алдында Ооганстандын аймагына өткөн.

Тажикстандын Жогорку соту «Ансаруллах Жамаатын» 2012-жылы террордук уюм деп тапкан. Андан бери уюмдун ондогон мүчөсү камакка алынган.

Бир тууган Табаровдорду америкалык аскерлер Ооганстанда 2009-жылы камакка алышкан. Тажикстанга өткөрүлүп берилгенге чейин алар Баграмдагы аскердик базада кармалып турушкан. 2013-жылы америкалык аскерлер кеткенден кийин Баграм түрмөсү Ооганстандын көзөмөлүнө өткөн.

2016-жылы «The Washington Post» басылмасы Ооганстандын Коргоо министрлигине шилтеме кылып, бир тууган Табаровдордун камактагы мөөнөтү аяктаганын, бирок алар Тажикстанга кайтып баруудан баш тартышканын жазган.

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Амриддин Табаров 2016-жылы Ооганстандагы атайын операция маалында өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG