Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Конституциялык палата Атамбаевдин макамын алуунун мыйзамдуулугун карап жатат


Конституциялык палатанын судьялары.
Конституциялык палатанын судьялары.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы бүгүн, 23-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктыгын карап жатат.

Отурумда сотто Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Нурбек Токтакунов жыйынга төрагалык кылуучу, Конституциялык палатанын жетекчиси Карыбек Дүйшеевди соттук коллегиянын курамынан чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирди.

Ал буга негиз катары Дүйшеев 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгонун, ал эми Асылбек Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбековдун иниси экенин айтып, кызыкчылыктар кагылышы болорун айтты.

Жооп берүүчү тараптын өкүлү, Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Чыңгызбек Бердимуратов соттук коллегиядан судья Эркинбек Мамыровду чыгарууну сунуш кылды. Ал Мамыров «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзам боюнча ал кабыл алына электе эле жалпыга маалымдоо каражаттарына пикирин билдиргени үчүн бул ишти кароого катышпашы керек экенин айтты.

Сот биринчи өтүнүчтү караш үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип, натыйжада Нурбек Токтакуновдун өтүнүчү четке кагылды.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Атамбаев парламенттин мындай чечимин таануудан баш тартып, анын тарапташтары Конституциялык палатага кайрылышкан.

Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептеп, ага баруудан баш тарткан болчу. Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти Кой-Таш айылындагы үйүнөн тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, бир нече адам жабыркаган. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG